Ордо калаада 10 тез татым жайы убактылуу жабылды

Ордо калаада 10 тез татым жайы убактылуу жабылды.

 

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору соңку эки күндө 37 тез татым жайын текшерген. Аныкталган кемчиликтерге байланыштуу жалпысынан 36 протокол толтурулуп, 588 миң сом айып пул салынды.

 

Эске салсак, текшерүүлөр шаурмага массалык уулануудан кийин башталган. Жабыркагандардын жалпы саны 71 адамды түздү.