ОСАГО: камсыздандыруу компаниясы жабыр тарткан гана тараптын чыгымын төлөп берет

ОСАГО полисинин алкагында камсыздандыруу компаниясы жабыр тарткан гана тараптын чыгымын төлөп берет.

Бул тууралуу Novosti.kgге Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова билдирди.

“Бул жол кырсыгы катталып калган учурда жабырлануучу тарапка жардам бере турган мыйзам.

Жабырлануучу тараптын жол кырсыгынын кесепетинен ден соолугуна, өмүрүнө же мүлкүнө чыгым келтирилсе камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнүп берилет.

Ал үчүн атайын лимиттер бар”.

Алсак, жол кырсыгынан адам каза болсо, жабырлануучунун өлүмү үчүн 300 миң сом компенсация төлөнөт.

I топтогу майып болуп калса 200 миң сом, II топтогуга 150 миң сом, III топтогу майып болуп калса 100 миң сом берилет.

Балдарга 200 миң сом төлөнөт.

Эгер жабырлануучулардын чыгымы 450 миң сомдон ашып кетсе калганын күнөөлүү адам өзү көтөрөт.