Бишкекте спирт ичимдигин мыйзамсыз чыгарган цех аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкекте контрафакттык алкоголдук продукцияларды өндүргөн мыйзамсыз цехти аныктады. Ведомстводон маалымдашкандай, цехтин имаратын текшерүү учурунда 120 бөтөлкө жасалма арак жана 114 жасалма акциздик маркалар табылган.

 

Учурда материалдар мындан ары иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

 

Эске салсак, акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып пул, ал эми 1000 даанадан ашык саткандарды 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

 

Салык кызматы ишкерлерди алкоголдук жана тамеки продукцияларын акциздик маркаларсыз сатпоого жана акциздик марканын продукцияга аныктыгын жана шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.