Мас абалында унаа башкаруу үчүн миңден ашык кыргызстандык айдоочү күбөлүгүнөн ажырап калды

Мас абалында унаа башкаруу үчүн миңден ашык кыргызстандык айдоочү күбөлүгүнөн ажырап калды. 3 айга карата маалымат менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бөлүштү.

 

Эске салсак, 8-марттан тарта Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн жаза күчөтүлдү.

 

Алсак, эми мас абалында унаа башкаруу үчүн 17 миң 500 сом айып салынбайт, анын ордуна айдоочу 1 жылга күбөлүгүнөн ажыратылат. Инспекторлор буга чейин белгилешкендей, аталган өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мас айдоочулардын саны 46 пайызга кыскарды.