Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Россиянын достук паркы курулат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн курулушка старт берген капсула салынып, алгачкы бак-дарактардын көчөттөрү тигилди.
Паркта веложолчо, балдар аянтчасы, спорт аянттары каралат. Курулуш иштерине 2 миллион доллар багытталат деп пландалууда.