Бишкекте жаштар арасында Азия кубогуна тандап алуу оюндары өтөт

Ушул жылдын 25-29-сентябрь күндөрү Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо жаштар арасында футбол боюнча 2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт.

 

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, Кыргызстандын жаштар курама командасы Мирлан Эшеновдун жетекчилиги астындагы «I» тайпада жайгашкан Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курамалары менен кез келет.

 

Тандап алуу оюндарына жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышат. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген алты курама жолдомо алышат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.