Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча чемпионат өтөт

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келдиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Спорттук иш-чара 10-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулуп, ага өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат.

 

Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубок менен сыйланышат.

 

Катышуучулар төмөнкү салмак ченинде күч сынашат:

 

  • эркектер арасында: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;
  • кыз-келиндер арасында: 55, 60, 66, 74, 84, +84 кг.