Бишкектеги соода түйүндөрүндө жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүүгө болот. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ордо калаадагы базар, соода борборлорунда ВИЧ, сифилис жана гепатиттин В,С түрлөрүн аныктай турган экспресс-тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
7-октябрда баштала турчу акция 1-ноябрга чейин созулуп, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин өтөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.