Кыргызстанда өткөн жылы профилактикалык эмдөөдөн 20 минден ашык ата-эне баш тартты

Кыргызстанда өткөн жылы профилактикалык эмдөөдөн 20 минден ашык ата-эне баш тартты. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, баш тарткандардын  43 пайызы диний себептерден болсо, 48 пайызы препараттардын коопсуздугуна шек шанаган, дагы 10 пайыз миграцияга жана башка себептерге байланыштуу.

 

Ишенапысова белгилегендей, 5-6 жыл мурда диний себептерден эмдөө албагандардын саны 78 пайызга теңелген. Бирок муфтият тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көрсөткүч азаюуда.