Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлору кечинде да иштейт

Сасык тумоого байланыштуу Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлору кечинде да иштейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ордо калаада сасык тумоого кабылып, бейтапканага кайрылгандардын саны азайбай жатат.

Буга байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлору дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин эрте мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт.

Дем алыш күндөрү күндүзгү саат 2ге чейин бейтаптарды кабыл алат.