Бишкектин эски аянтында эртең ата-мекендик продукциянын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында өнөр-жай, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өндүрүш жана унаа куруу тармактарындагы товарлар тартууланат.
Көргөзмө жергиликтүү ишканалардын потенциалын баалоого мүмкүнчүлүк берет, — дешти министрликтен.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.