Бишкектин Лев Толстой көчөсү 25-августка чейин жабык болот.
Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Фрунзе – Садыгалиев тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.
Бул жерде асфалттын жаңы катмары төшөлүп, ирригация системасы жана бордюрлар жаңыртылат. Айдоочуларга тыгындардын алдын алуу максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.