Быйыл окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 307 мектепте кыргыз класстар ачылат

Быйыл окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 307 мектепте кыргыз класстар ачылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Учурда өлкө мектептеринде окутуу 5  тилде жүргүзүлөт – кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тилдеринде.

 

Жалпысынан 2 миң 377 мектеп бар болсо, анын 1 миң 668инде билим берүү бир тилде, калгандарында эки тилдүү класстар бар. Окуучулардын саны 1 миллион 490ду түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 43 миңге көп.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.