Быстровка ГЭСин реконструкциялоого Дүйнөлүк банк 4,6 миллион доллар бөлүп берди

Быстровка ГЭСин реконструкциялоого Дүйнөлүк банк 4,6 миллион доллар бөлүп берди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ошондой эле каражаттын бир бөлүгү тиешелүү документацияны иштеп чыгууга жумшалат.

 

Гидроэлектрстанция 1954-жылы ишке берилип, эскилиги жеткендиктен, кубаттуулугу кыскарган.

 

Аны реконструкциялоо менен натыйжалуулугун 18 пайызга көбөйтүп, жылдык электр энергиясын өндүрүү көрсөткүчүн 7,2 миллион киловатт-саатка жеткирүү пландалып жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.