Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар командасы финалга чыкты

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар командасы финалга чыкты. Жарым финалда кыргызстандык улакчылар Түркиянын командасын  15:1 эсебинде жеңди. Финалда биздин команда ким менен ойноору Казакстан менен Россиянын жарым финалдагы беттешинен кийин белгилүү болот.

 

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды.

 

Ага 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышууда. Спорттун 21 түрүнөн мелдештер өтөт. Көк бөрүдөн жана көкпардан мелдештер өзүнчө өтүп жатат.