Дыйкан-фермерлерге 3,79 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

5-сентябрга карата «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 602 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялар берилди.

 

Финансы министрлигинен билдиришкендей, берилген насыянын жалпы суммасы 3 млрд 793,33 млн сомду түздү: Анын ичинде:

  • мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 369,2 млн сомго жалпы 8 мин 301 субъектке;
  • өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 424 млн сомго жалпы 1 миң 301 субъектке берилди.

Аталган долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» жана «Элдик Банктары» катышууда.

 

Дыйкан-фермерлерди кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сомду түзүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.