Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду жакында ишин баштайт

Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча иштер аягына чыгып калды. Бул тууралуу Novosti.kgге Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.

 

“Өнүктүрүү фонддору кайсы жакта потенциал чоң бирок өнүгүү жок болуп жатса, ошол жакка барып өнүккөнгө жардам бериши керек. Негизги саясат ошондой. Анан мамлекет аралык болгондуктан фонд эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык багытты өркүндөтүү максатын көздөйт”.

 

Эске салсак, Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча тиешелүү макулдашууга былтыр күздө Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган. Анын баштапкы капиталы 25 миллион долларды түзөт.