Евро-2024 турнирин уюштурган Германиянын тапкан кирешеси белгилүү болду

Евро-2024 турнирин уюштурган Германиянын тапкан кирешеси белгилүү болду. Өлкө 7 миллиард евродон ашык тапты. Сумманын 90 пайызы билеттерди сатуудан, көрүүчүлөрдү жайгаштыруу, ташуу жана алардын тамак-ашынан түшкөн.

 

Андан тышкары, 500 миллион евро – жарнама кирешеси болсо, 95 миллион евро спорт товарларын сатуудан түштү. Жалпысынан Европа чемпионатын көрүүгө 2,5 миллион футбол сүйүүчүлөрү келген.

 

Эске салсак, турнир Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өттү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.