Бүгүн Бишкекте Иран менен Афганистандын футболдук клубдары беттешет

Бүгүн Бишкекте Иран менен Афганистандын футболдук клубдарынын беттеши өтөт. Оюн Борбордук Азиядагы биринчи турнир — CAFA Nations Cup тайпалык этабынын алкагында болот.

 

Командалар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жолугушат. Башталышы кечки саат 8.

 

Эске салсак, Кыргызстан, Иран жана Афганистан курама командалары В тайпасында. Алгачкы беттеш 10-июнда үй ээлери менен Афганистан ортосунда өтүп, 1:0 эсебинде кыргызстандыктар жеңишке жеткен.