Денис Петрашов Катарда Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Катарда спорттун суу түрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Петрашов жарым финалга 50 метрге брасс сүзүү боюнча жарышып чыкты. Спорттун суу түрү боюнча Дүйнө чемпионаты 18-февралга чейин болот.