Япониялык компания Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө   100 миллион доллар инвестициялайт

Япониялык компания Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө   100 миллион доллар инвестициялайт. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, япониялык компания менен инвестициялык макулдашуу кабыл алынды.

 

Ага ылайык, Чоң-Кемин дарыясында кубаттуулугу 24-25 мегаватты түзгөн эки кичи ГЭС пайда болот. Ал эми Баткен облусунда фотоэлектр күн станциясы курулат. Анын кубаттуулугу 100 мегаватты түзөт деп пландалууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.