Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкектеги иш-чаралар планы

Мэрия Эгемендүүлүк майрамына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмесин жарыялады.
Свердлов району:

29-30-август күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында сүрөт көргөзмөсү болот;

31-августа саат 08:00дөн баштап Кара-Жыгач токоюнда ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, спорттук оюндар жана тамактануу зоналары уюштурулат.

Октябрь району:

31-августта Көк-Жар айылында концерт болуп, спорттук оюндар уюштурулат.

Биринчи май району:

31-августта Ак-Босого жаңы конушунда этникалык шаарча уюштурулуп, боз үйдүн жасалгасы, анын ички жасалгасы жана концерттик программа, улуттук тамак-аш, оюн-зоок, спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин районунда 31-августта өтчү иш-чаралар:

Саат 16:00дө Фучик көчөсү, 18А үйүнүн жашоочулары үчүн бөлүнгөн оюн аянтчада иш-чара өткөрүлөт. Ар кандай оюндар уюштурулуп, майрамдык концерт менен коштолот;

Саат 10:00дө «Люкс» эс алуу скверинде өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чаралар өтөт;

Саат 15:00дө Ала-Тоо конушундагы балдар аянтчасында мектеп жашындагы балдар арасында футбол боюнча мелдеш болот;

Саат 10:00дө №79 мектепте Арча-Бешик конушунун тургундарына концерт тартууланып, улуттук оюндар уюштурулат;

Саат 17:00дөн 22:00гө чейин «Азия Молл» соода борборунун фасадында орус жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болот;

Саат 11:00дө Ынтымак жаңы конушунда концерт тартууланат;

Саат 14:00дө Жаш Гвардия менен Чүй проспектинин кесилишинде шаардык «Диалог» маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурат.