Эки миңден ашык чет өлкөлүк жаранга “Санарип көчмөн” макамы берилди

Кыргызстанда чет өлкөлүк 2 миң 353 жаранга “Санарип көчмөн” макамы берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган статусту Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандары алышты.

 

Эске салсак, “Санарип көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу сыяктуу жумуштар менен алектенген чет элдик адистерге берилет. Алар Кыргызстанда бир жыл иштөөгө уруксат алып, убактылуу жашаган жери боюнча каттоодон бошотулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.