Ак-Суу районунда пластикти кайра иштетүүчү завод курулду

Ак-Суу районунда пластикти кайра иштетүүчү завод курулду.

 

Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана жакынкы күндөрү өндүрүштү баштайт.

 

Курулуш иштерине 20 миллион сом бөлүнгөн. Анда азыркы тапта 30 адам жумушка алынды, алардын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт. Завод суткасына 2 тоннага чейин пластикти кайра иштетет. Ал эми иштетилип чыккан материалдан шпагат жана каптар чыгарылат.