Эне жана баланы коргоо борборунун жаңы имараты ачылды

Бишкекте курулушу отуз жыл мурун башталган Эне жана баланы коргоо борборундагы имарат пайдаланууга берилди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы объектке 30 орундуу эндокринология, 30 койкалуу нефрология бөлүмдөрү, жандандыруу, операция жасоочу бөлүмдөр, чоң жыйындар залы жана башка кызматтык бөлмөлөр жайгаштырылган.

 

Бөлүмдөрдүн баары керектүү медициналык жабдуулар, эмеректер менен жабдылган. Эки бейтапка эсептелген палаталардын ар биринде даараткана жана жуунучу жай орнотулган.

 

Курулуш иштерин араб коомдук бирикмеси каржылаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.