Каракол шаарында жайгашкан Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Бул дарыкананын ачылышы менен коомдун бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектерди алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Белгилеп кетсек, буга чейин мамлекеттик дарыканалар Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында, Түп айылында жана Каракол шаарында ачылган.