Баткенде акысыз мобилдик клиника иштеп жатат.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анда кыз-келиндер текшерилип, дарыгерлерден кеңеш алса болот.
Бишкектен барган көчмө клиника 6-мартка чейин Баткен районундагы Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Кара-Бак, Кызыл-Бел жана Боз-Адыр айылдарын кыдырат.
Дарыгерлердин арасында онколог, маммолог, гинеколог, терапевт сыяктуу адистер бар.