Кош бойлуу аялдарга медициналык карточка үчүн төлөм талап кылынбайт

Кош бойлуу аялдарга медициналык карточка үчүн төлөм талап кылынбайт.

 

24 агенттигине Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында бардык акушердик кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Алсак, анализдерди тапшыруу, кесарево операциясы, картаны каттоо, өз убагында учетко турбаганы үчүн кошумча төлөм — мунун баары акысыз.

 

Анын ичинде кош бойлуулукка көзөмөл кылуу жана ооруканага жаткыруу үчүн да каражат алынбайт, — деп айтылат маалыматта.