Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 5,6 млн сомд айып салынды

Муниципалдык инспекция 7-августтан 21-августка чейин Бишкек шаарында көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга карата 484 протокол түздү. Мэриядан билдиришкендей, салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 млн 680 миң 500 сомго жетти.

 

Анда көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн 263 протокол, турмуш-тиричилик жана башка буюмдарды белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн 108 протокол түзүлгөн.

 

Белгиленгендей, ордо калаада көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга каршы рейддер күн сайын өткөрүлүүдө. Аныкталган ар бир факты катталып, «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык чаралар көрүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.