Түштүк Кореянын «Кальмар оюндары» сериалынын экинчи сезону 2024-жылдын декабрь айында чыгат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу америкалык басылмалар актёр Ли Чжон Чжэге таянып жазып чыгышты.
Бирок Netflix премьера күнүн расмий жарыялай элек.
Кошумчаласак буга чейин, 2023-жылдын күзүндө Netflix компаниясы «Кальмар оюндарынын» негизинде реалити-шоу башталарын билдирген.