Кыргызстанда автомектептердин унаалары текшерилүүдө

Кыргызстанда автомектептердин унаалары текшерилүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

 

Рейддин алкагында автомектептердин курсанттарды үйрөтүүчү авто унаалары текшерилип, аныкталган кемчиликтерине тийиштүү айып пулдар салынууда.

 

Белгилеп кетсек, «Үйрөтүүчү транспорт каражаты» аталышындагы профилактикалык рейд 13-майдан 19-майга чейин уланат.