Кыймылсыз жашоо образы ар кандай ооруларды пайда кылат

Кыймылсыз жашоо образы жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу Калифорния университетинин окумуштуулары билдирди.

 

Ал эми дене тарбия көнүгүүлөрү оорунун ыктымалдыгын азайтат.

 

Окумуштуулар беш мүнөттүк машыгуу да жүрөккө жана кан тамырларга пайда алып келерин аныкташкан. Андыктан, жөө басуудан баш тартпоо керек. Бул жүрөк булчуңдарын эффективдүү чыңдап, кагышын тездетет.