“Камбар-Ата – 1” ГЭСинин курулушу кийинки жылы башталат

“Камбар-Ата – 1” ГЭСинин курулушу кийинки жылы башталат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Учурда жол, көпүрө куруу, туннелди казуу, 110 кВ линиясын тартуу жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча куруу иштери кызуу жүрүп жатат. 31-августка чейин туннелди казуу аяктайт.

 

Андан кийин, планга ылайык, гидроэлектр станциянын курулушу боюнча негизги жумуштар 2025-жылы башталат.

 

Эске салсак, “Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Үч өлкөнүн ортосунда ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34 пайызы Кыргызстанга таандык болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.