Электр энергиясын чектөөнүн графиги жарыяланды

Улуттук электр станциялары ачык акционердик коому 5-марттан тарта электр энергиясына киргизилип жаткан чектөөлөрдүн графигин жарыялады.

Маалымат аталган компаниянын сайтына жайгаштырылды. Электр жарыгы күндүн кайсы убакта өчүрүлөрү тууралуу маалыматты ар бир аймактарга өзүнчө шилтеме аркылуу кирип, билүүгө болот. Андан тышкары ар бир аймактардагы түз байланыш номурлары да жазылган.

Токтогул ГЭСинин жана Үч-Коргон ГЭСинин гидроагрегаттарындагы реконструкциялоо башталгандыктан, 5-марттан тартып өлкөдө электр станцияларынын кубаттуулугу 290 МВтка азайып жатканы маалымдалган.

Буга байланыштуу керектөө эң көп жогорулаган сааттарда, таңга маал 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечке маал 18:00дөн 21:00гө чейин кыска мөөнөттүү чектөөлөр киргизилгенин билдирген.

Ага ылайык, 5-марттан тарта күнүнө маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлүүдө.