Балыкчы шаарында күн электр станциясынын курулушу башталды

Балыкчы шаарында күн электр станциясынын курулушу башталды.

 

Бул тууралуу жергиликтүү администрациядан билдиришти. Курулушка капсула салуу аземи бүгүн өттү. Ишке киргенден кийин станция 400 мегватт электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө.

 

Долбоорго 400 миллион доллар инвестиция салынды. Курулуштун жүрүшүндө 1 миң 600 адам жумуш орду менен камсыздалат.