Кыргызстанда эртең менен жана кечинде электр энергиясы көп пайдаланылган учурда чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу “Улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти.
Мындай чектөөлөр Токтогул ГЭСинин №1 агрегатын жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого байланыштуу. Оңдоо иштеринен улам электр станцияларынын учурдагы кубаттуулугу 290 мегаваттка азаят.
Мындай кырдаалда электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, аны колдонууда убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат, — дешти компаниядан.