Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 268 спортчу катышат. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын башчысынын милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар көк-бөрү, ат чабыш, салбуурун, таяк тартыш жана башка оюндарда күч сынашат.
Учурда командалар даярдык көрүүдө. Эске салсак, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.