Кыргызстандык спортчулар Кытайдагы Азия оюндарына катышат

Кыргызстандык спортчулар Кытайдагы Азия оюндарына катышат. Мелдештер күзүндө Ханчжоу шаарында өтөт. Биздин өлкөнүн командасынын курамына 181 адам кирди. Алар спорттун 26 түрү боюнча мелдештерге катышмакчы.

 

Арасында бокс, сууда сүзүү, жаадан атуу, дзюдо, күрөш, оор атлетика, гимнастика, таэквондо, шахмат жана башкалар бар. Спортчулардын катышуусуна мамлекеттик бюджеттен   35 миллион сом бөлүнгөн.