Курулуп жаткан имаратынан өрт чыккан компаниянын лицензиясы токтотулду

Анкара көчөсүндө курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн чатырында өрт чыккандыгына байланыштуу аны куруп жаткан компаниянын лицензиязы токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим лицензия берүү жана мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды кароо боюнча комиссиянын жыйынында каралып, кабыл алынган.
«Лицензиат тарабынан адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптар бузулгандыгына байланыштуу комиссиянын чечими менен «Аалам Строй»ЖЧКсынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 13-августка караган түнү Анкара көчөсүндө курулуп жаткан имараттан өрт чыгып, 850 чарчы метр жерди жалмаган. Жалын менен күрөшүүгө жалпы сегиз эсеп, 54 метрлик эки автошаты тартылып, саат 1:20да толук өчүрүлгөн.