Кыргызстан мектептеринде окуу китептеринин басымдуусунун ижара акысы өзгөрүүсүз калды – 25 сомдон

Кыргызстан мектептеринде окуу китептеринин басымдуусунун ижара акысы өзгөрүүсүз калды – 25 сомдон. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги алдындагы “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Ильяс Сарыбаев билдирди.

 

Анын айтымында, бир гана “Алиппе” менен “Орус тили” жаңы китептеринин баасы өзгөрөт. Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары ижара акыдан бошотулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.