Бишкектин мектептери жана бала бакчалары 7-февралдан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт.
Медиа штабдан билдиришкендей, жылуулук берүү турукташканына байланыштуу билим берүүнүн кадимки тартиби жанданып, окуучулар парталарга кайтып келет.
Эске салсак, ЖЭБдеги аварияга байланыштуу 2-февралдан 6-февралга бардык мектептер онлайн окууга өткөрүлгөн.
Ал эми бала бакчалар кырдаал жөнгө салынганча жабылган болчу.