Биринчи класстын окуучулары Жаңы жылдан кийин дароо экинчи класска которулушу мүмкүн

Биринчи класстын окуучулары Жаңы жылдан кийин дароо экинчи класска которулушу мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

 

Анын айтымында, атайын эксперттик топ түзүлүп, нөлүнчү, биринчи класстын программаларын салыштырып жатат. Программада кайталанган учурлар болсо, биринчи класстын окуучулары экинчи класска которулушу керек.

 

Күтүлгөндөй, жогорку класстардын окуучулары ашпозчу, слесарь, электрик жана башка бир катар жумушчу кеспитерге ээ боло алат. Бул үчүн мектептерге атайын жабдуулар сатып алынат, — деди министр.