Кыргызстанда 2030-жылга чейин майда дыйкан-фермердик чарбаларды  424 кооперативге бириктирүү пландалууда

Кыргызстанда 2030-жылга чейин майда дыйкан-фермердик чарбаларды  424 кооперативге бириктирүү пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдиргендей, учурда бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо маселесин колдоо катары бир миллион сомго чейинки насыяны мамлекет тарабынан жоюу программасы иштелип чыгууда.

 

Ал үчүн атайын шарт, талаптар бар. Алсак, жеке майда, чакан чарбалар кооперативдерге биригиши керек. Тамчылатып сугаруу системасына өтүшү абзел. Өздөштүрүү үчүн кунарсыз жерлер жеңилдетилген шартта берилет, — деди Төрөбаев.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.