Кыргызстанда көмүрдү унаа менен сыртка чыгарууга жарым жылга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда көмүрдү унаа менен сыртка чыгарууга жарым жылга тыюу салуу сунушталды.

 

Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга Өнөр-жай мамлекеттик комитетти чыгарды. Демилгечилер билдиришкендей, Евробирикме аймагында Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан келген көмүргө суроо-талап кескин өстү. Андыктан, экспорт көлөмү өсүп, калкка отун жетишсиз болушу мүмкүн деген коркунучтар бар.

 

Муну алдын алуу үчүн ведомство убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат. “Иркештам” жана “Торугарт” түйүндөрү  аркылуу чыгарууга бөгөт коюлбайт.