Кыргызстанда нанды кымбат саткандар 13 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Санжарбек Кокошеров билдирди.
Анын айтымында, 11-октябрдан тарта нан саткан жерлерде баага көзөмөл жүргүзүлүп баштайт. Эгерде азыктын баасы орнотулган чектен ашса, алгач эскертүү берилет.
Андан кийин дагы катталса, жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 13 миң сомго айып салынат. Белгилеп кетсек, өлкөдө тандыр нанынын баасы 27-30 сомдон ашпашы керек.