Кыргызстанда 9,5 миңден ашуун фермер жеңилдетилген насыя алышты

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында 9,5 миңден ашуун фермер жеңилдетилген насыя алышты.

 

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан 3,5 миллиард сомдон ашык каражат берилди. Каражат мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө жумшалат.

 

Долбоор боюнча кредит берүүнүн жалпы көлөмү беш миллиард сомду түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.