Товарларды экспорттоо жана импорттоого уруксат берүү жөнөкөйлөштүрүлдү

Кыргызстанда товарларды экспорттоо жана импорттоого уруксат берүү жөнөкөйлөштүрүлдү. Экономика министрлиги билдиргендей, эми бул багыттагы арыздар үч жумушчу күндүн ичинде каралат.

 

Мурда бул мөөнөт жети күн болчу.

 

Бул документтерди берүү процессин тездетет жана өлкөнүн тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатат деп күтүлүүдө.