Кыргызстандын экономикасы быйыл 7 пайыз темп менен жогорулайт

Кыргызстандын экономикасы быйыл 7 пайыз темп менен жогорулайт.

Мындай болжолду Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы чыгарды.

Банктын макроэкономикалык жаңы баяндамасында өткөн жылы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн, АКШнын, Улуу Британиянын жана башка мамлекеттердин Борбор Азияга экспорту өскөн. Экспорт өзгөчө Кыргызстан менен Арменияга көбөйгөн.

Маалыматта айтылгандай, бул жагдай быйыл да уланат.

Мындан улам, Борбор Азиядагы экономика адаттагыдан көбүрөөк секирик жасайт деп күтүлүүдө.