Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү

Кыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

 

Анын айтымында, институтту түзүү агрономия жана ветеринария тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө гана эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.