Кыргызстанда бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, болочок студенттерди кабыл алуу edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.
Үчүнчү этап 20-августка чейин созулат. Белгилеп кетсек, буга чейинки эки турдун алкагында колледждерге 37 миңден ашык абитуриент кабыл алынды.